Кышкы каникул учурунда Салымбеков бизнес мектеби Салымбеков Университеттин колдоосу менен орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо максатында “Study Camp” окуу лагерин өткөрүүдө.
⠀
Лагердин жүрүшүндө өз тармагынын мыкты адистери менен да пайдалуу жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү жолугушуунун коногу медицина илимдеринин кандидаты, Салымбеков Университеттин клиникалык иштер боюнча проректору, “Doc University Clinic” негиздөөчүлөрүнүн бири Нурбек Монолов болду.
⠀
Жолугушууда Нурбек Монолов кесип тандоодонун жолдорун айтып, инсандык жана карьералык өнүгүү темасына өзгөчө басым жасап, эркиндик, кесипкөйлүк, өжөрлүк сыяктуу сапаттарды өркүндөтүү керектигин баса белгиледи. Бул сыпаттар өз тармагындагы адистерди ийгиликтүү даярдоого жана андан ары калыптандырууга өбөлгө түзмөкчү.
