Салымбеков Университетте “Study Camp” кышкы лагеринин окуучулары жана студенттердин катышуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Салымбеков Университеттин президенти Амангелди Жумадилов дагы катышты.
⠀
Иш- чарада Нуржигит Кадырбеков туура максат коюу, убакытты туура пландап, керектүү нерсеге багыттоого, тил үйрөнүүнүн зарылдыгы туурасында ой бөлүшүп, мектеп уясынан учуу алдында турган бүтүрүүчүлөргө тест тапшырууда ийгилик каалап өттү. Жаштар менен жолугушуу пайдалуу жана таасирлүү болду.
⠀
Соңунда, университеттин президенти Амангелди Жумадилов жаштар менен жолугуп, пайдалуу насаатары менен бөлүшкөндүгү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековко ыраазычылык билдирип, иштеринде албан ийгиликтерди каалады.
