Салымбеков Университеттин Эл аралык IT жана бизнес колледжинде STEM билим берүү технологиялары боюнча семинар өттү. ⠀ Колледж мугалимдери STEMдин негизги концепциясы менен тааныштырылды, ал негизги багыттардын өз ара аракетинде колдонулган билим берүү технологияларын камтыйт: Илим — билимдин илимий негиздери, Технология — технологиялык негиздер, Инженердик — инженердик ой жүгүртүү, Математика – математикалык ой жүгүртүү. ⠀ Мугалимдер интегралдык класстарда STEMдин практикалык колдонулушун көрсөтүп, 4K методу жана 5E сабак модели сыяктуу окутуунун жаңы ыкмаларын талкуулашты жана өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Семинардын жүрүшүндө презентациялар, мастер-класстар, түрдүү оюндар өткөрүлдү.
