Университетибизге Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим, илим жана инновация министрлигинин өкүлдөрү келишти

Университетибизге Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим, илим жана инновация министрлигинин өкүлдөрү Жамолиддин Бабахановдун жетекчилигинде келишти.
Сапардын жүрүшүндө Салымбеков Университеттин жетекчилиги менен жолугушуп, ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин белгилеп, медицина, IT жана биотехнология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигине жемиштүү иш сапары жана Өзбекстандын билим берүү, илимий жана инновациялык уюмдары менен мындан аркы кызматташууларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Белгилей кетсек, Салымбеков Университет Өзбекстандын билим берүү жана медициналык уюмдары менен активдүү кызматташып келет.

Опубликовано