“Келечек” мамлекеттик платформасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков университети ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Меморандумдун алкагында тараптар 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү арасында «Келечек» мамлекеттик платформасынын алкагында макулдашылган кесипке багыт берүү боюнча иш алып барып, ан-сезимдүү кесиптик өзүн өзү аныктоо жана инсандык жөндөмдүүлүктөрүн ачуу үчүн шарттарды түзүшөт.
